• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркиянын соода министри менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишек, 16.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 15-апрелинде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын соода министри Мехмет Муш менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 10-отурумунун иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн жана 2022-жылы күзүндө Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отурумун өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев Кыргызстандын ЖПС+ (Жалпы преференциялар системасы) жана ЖПС программаларынын алкагындагы Европа Биримдигине жана АКШга экспорттук мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Импорттук бажы алымдарынын жогору экендигин эске алуу менен, элчи Кыргызстандын бал, буурчак, эт жана башка продукцияларын Түркияга экспортоону жөнгө салууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өз кезегинде министр Муш элчиге Кыргызстандын экспорттук продукцияларын таанытканы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандан продукция алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыга турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий