• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Түркиянын ТИКА уюмунун президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Күн мурун, 28-декабрда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТИКАнын Кыргызстанда ишке ашырылып жана пландаштырылып жаткан саламаттыкты сактоо, туризм, маданият жана башка. тармактардагы долбоорлорун талкуулашты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаалды эске алып, элчи Өмүралиев ТИКА аркылуу ишке ашырылып жаткан Бишкектеги кыргыз-түрк "Достук" ооруканасынын долбоору тез арада толук кандуу ишке кирээрине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий