• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркиянын ТИКА уюмунун президенти менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) президенти Серкан Каялар менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар айыл-чарба, саламаттыкты сактоо, билим, туризм, социалдык тармактагы объектилердин курулушу жана башка ТИКАнын долбоорлорун Кыргызстандын аймактарына жайылтуу боюнча пландарды талкуулашты.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев ТИКАга «Таза Суу» улуттук долбоорду ишке ашырууга жана Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептерди интернетке кошуу долбооруна катышууну сунуштады.

«Ал эми Каялар ТИКАнын чет өлкөдөгү биринчи кеңсеси өз кезегинде боордош жана достук Кыргызстанда ачылганын белгилеп, Кыргыз өкмөтү менен макулдашылган көздөлгөн баардык долбоорлор ишке ашырыла тургандыгына ынандырды», - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий