• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркиянын ТИМине ишеним грамоталардын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) 12-апрель күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия ТИМ Протоколунун Башкы дирекциясынын башкы директору Эмре Зеки Карагүлгө ишеним грамоталардын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Андан кийин Өмүралиев Түркия ТИМинин Борбор Азия, Кавказ, Россия жана Чыгыш Европа өлкөлөрү Башкы дирекциясынын башкы директору Йөнет Жан Тазел менен жолугушкан.

Анын алкагында тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү бийик стратегиялык деңгээлин белгилеп, тууган эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий