• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Кечээ, 29-декабрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркиянын аймагындагы кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана анын алкагында жашап туруу эрежелерин жеңилдетүү маселелерин талкуулашты. Элчи Өмүралиев визалык режимди мындан ары жөнөкөйлөтүү же жокко чыгаруу жана иштөөгө уруксат кагаздарын тариздөө маселесин карап чыгууну өтүндү.

Түркияда көчөгө чыгууга тыюу салынгандыгына байланыштуу Өмүралиев 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын президентин шайлоо жана референдум өткөрүү мезгилинде кыргыз жарандарына сыртка чыгуу үчүн Түркиянын компетенттүү органдарынан уруксат алуу үчүн көмөк көрсөтүүнү сурады.

Анталья провинциясында жана ага коңшу аймактарда жашаган өлкөбүздүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Өмүралиев Анталияда Кыргызстандын консулдук кеңсесин ачуу маселесин кароону тездетүү өтүнүчүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий