• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Седат Онал менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи Кубанычбек Өмүралиев Седат Оналга Кыргызстандагы ички саясий кырдаал жана алдыда боло турчу президенттик шайлоо жана референдум жөнүндө маалымат берди.

Тараптар 2021-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарларды, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташуу боюнча Жогорку Кеңештин 5-отурумун, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынын жана коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган Кыргызстандагы кыргыз-түрк ишкерлер форумун өткөрүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий