• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Түркиянын вице-президентинин улук кеңешчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 5-июлунда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянвын вице-президенти Ф. Октайдын улук кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2021-жылдын 6-7-августунда Чолпон-Ата шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 10-жыйынынын жана анын алкагында бизнес-форумду өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүралиев ӨАКнын жыйынтыктоочу документтерин 2021-жылдын 9-июнунда Анкара шаарында Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча башкы кеңешинин 5-отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган эки өлкөнүн президенттеринин Биргелешкен билдирүүсүндө чагылдырылган маселелерди эске алып, кылдаттык менен даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар түрк ишкерлеринин Кыргызстандагы энергетика, тоо-кен, айыл чарба тармактарына инвестициялоосу керектигин белгилешти жана ошондой эле КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана катышкан компаниялар жөнүндө презентациялар жасала турган бизнес-форумда жана B2B жолугушууларда эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусун макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий