• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Элчи Өмүралиев Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин ректору менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 27.01.20 /Кабар/. 2020-жылдын 22-январында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин ректору Мустафа Вершан Кѳк менен жолугушуусу болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин Технокент илимий-изилдѳѳ бизнес борбору менен Кыргызстандагы Жогорку технопарктын ортосунда байланыштарды түзүү жана тажрыйба алмашуу боюнча макулдашууга келишти.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Жакынкы Чыгыш техникалык университети Түркиядагы эӊ алдыӊкы жогорку окуу жай болгондугуна байланыштуу, инженердик технология жана экономика тармактарында билим алуу максатында кыргыз студенттеринин санын кѳбѳйтүү жана Кыргызстандагы техникалык университеттердин бири менен достук жана кызматташтык мамиле түзүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий