• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчи Өмүралиев жана МИКтин төрайымы Түркиянын ТОКИ башкармалыгынын вице-президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана КР мамлекеттик ипотекалык компаниясынын (МИК) төрайымы Аида Төлөгөнова Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо жана урбанизация министрлигинин алдындагы Массалык турак-жай куруу башкармалыгынын (ТОКИ) вице-президенти Мустафа Левент Сунгур менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашышты, калктын социалдык аялуу катмары үчүн турак жай куруу жаатында кызматташууну талкуулашты жана турак жай имараттарын куруунун долбоорлорун каржылоо моделдери жана технологиялары боюнча тажрыйба алмашууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий