• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Текебаев Кыргыз-герман техникалык институтунун директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине караштуу Кыргыз-герман техникалык институтунун директору Анипа Усупкожоева менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө институттун Германиянын жогорку окуу жайлары, Берлин техникалык институту менен, анын ичинде Германиянын академиялык алмашуу кызматы (ДААД) аркылуу кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү маселелери каралды.

Ошондой эле 2023-жылы Германиядагы кыргызстандык ДААД-стипендиаттарынын конференциясын Берлинде өткөрүүнүн маанилүү экендиги белгиленди.

Маалымат үчүн: Берлин техникалык институту менен өнөктөштүктө 2004-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз-герман техникалык факультети түзүлгɵн жана ал 2013-жылы жогоруда аталган университетке караштуу Кыргыз-герман техникалык институтуна айланган. Бүгүнкү күндө Кыргыз-герман техникалык институту менен Берлин техникалык институтунун ортосунда ар түрдүү техникалык кесиптер боюнча ийгиликтүү кызматташуу жүрүп жатат. Институттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат сайтында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий