• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Элчи Мадмаров Түркмөнстандын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Күн мурун, 11-январда Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстандын мамлекет башчысы элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, элчи Мадмаров Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовго жылуу кабыл алгандыгы жана калоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн, ошондой эле эки өлкөнүн жана бир тууган элдердин ортосундагы байланыштарды чыңдоого зарыл болгон күч-аракеттерин жумшай тургандыгын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу кызматташууга кошумча түрткү жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Экономикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү максатында тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын кезектеги Алтынчы жыйынын өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун баса белгилешти.

Ошондой эле 10-январда А.Мадмаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Р.Мередовго ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы менен жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу өнөктөштүктүн актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, атап айтканда, энергетика жана транспорт-логистика тармагында, ошондой эле маданият сферасында кызматташуунун перспективалары кеңири талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий