• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Марипов Куран жарышында биринчиликти жеңип алган Умаровду куттуктады

Коом 0


Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында өткөн дүйнөлүк Куран жарышында биринчи орунду багындырган Мухаммадали Умаровду куттуктады. Бул тууралуу элчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Марипов бул кабарды угуп, абдан сыймыктанганын айткан.

"Мекендешибиз Мухаммадали Умаров Куранды жатка айтуу, кырааты менен окуу жана талкуулоо боюнча бүткүл дүйнөлүк сынакта жеңишке жетти деген кабар мен үчүн абдан жагымдуу болду. Жаштардын мамлекетибизди чет өлкөлөргө таанытууга кошуп жаткан салымы мен үчүн чоң сыймык. Белгилей кетсем, жогоруда аталган сынак ыйык Мекке шаарында өтүп, ага 111 мамлекеттин ичинен 153 адам катышкан.

Бул жагымдуу кабарды угаарым менен Мухаммадалини Эр-Рияд шаарына чакырып, жеңиши менен куттуктадым.

Жигитибиз өзүнө койгон талап жана бекем эрк аркылуу жеңишке жетип гана тим болбостон, Куранды жана жалпы эле мусулман динин жайылтууга чоң салымын кошо алды. Ал аркылуу дүйнөдөгү көптөгөн адамдар Курандын негизги мазмунун түшүнүп, исламдын канчалык деңгээлде терең, тынчтыкты сүйүүчү дин экенин биле алышты", - деп жазган элчи.

Белгилей кетсек, Мухаммадали Умаров Меккеде өткөн дүйнөлүк Куран жарышында биринчиликти багындырып, 5,5 млн сом утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий