• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Элчи Марипов Сауд Аравиянын ТИМ башчысынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын тышкы иштер министринин консулдук маселелер боюнча орун басары Тамим бин Мажид Аль-Доссари менен жолугушту.

КР ТИМден кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун бир топ маселелерин талкулашты, анын ичинде аларды өнүктүрүүнүн перспективаларын карашты.

Эки өлкөдөгү жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Кыргызстандын жарандарынын Сауд Аравиясына баруу талаптарын жеңилдетүү жана консулдук-укуктук чөйрөдөгү мыйзамдык базаны мындан ары кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары чыңдоого жана бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле мындан ары изилдөө үчүн актуалдуу маселелерди аныкташты.

Пикир

Оставить комментарий