• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Мирлан Арстанбаев Япониядагы бизнес-семинарга катышты

Экономика 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Кобе шаарында “Monotec International” компаниясынын көмөгү менен уюштурулган бизнес-семинарга катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Арстанбаев Такаси Буннону Кансай консулдук округундагы ардактуу консулу болуп дайындалгандыгы менен куттуктап, ошондой эле Кыргызстанга ардактуу консулдун кеңсесинин расмий ачылышы пландалгандыгын билдирди.

Арстанбаев Кыргызстандын соода-экономикалык жана туризм чөйрөсүндөгү инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана потенциалы боюнча маалымат берди. Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланыштарды улантуунун жана Японияга органикалык продукцияны экспорттоо боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Япония тарабынан иш-чарага 30дан ашык жеке ишкер катышты.

Маалымат үчүн: “Monotec International” компаниясы 1998-жылы түзүлгөн, тоо боорлорунда курулуш жана инженердик ишмердүүлүк менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий