• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Элчи Өмүралиев Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын комитет төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев бийликтеги Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын экономикалык маселелер боюнча төрагасынын орун басары, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Бюджет жана пландаштыруу комитетинин төрагасы Жевдет Йылмаз менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Кубанычбек Өмүралиев 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Жевдет Йылмаз Кыргызстан калкынын арасында курман болгондорго жана жабыркаган жарандарга карата көңүл айтты. Ал эми келип чыккан чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү жана жаңжалдын андан ары күчөп кетишине жол бербөө боюнча Өкмөттүн иш-аракеттерин жана ишмердигин кубаттады.

Пикир

Оставить комментарий