• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Осмоналиев Баку университетинде кыргыз-азербайжан мамилелери тууралуу лекция окуду

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Баку мамлекеттик университетинин студенттери үчүн «Азыркы этаптагы кыргыз-азербайжан мамилелери» аттуу темада ачык лекция өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лекциянын жүрүшүндө Кайрат Осмоналиев тема боюнча студенттердин суроолоруна жооп берип, ошондой эле КР президентинин 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын негизги жыйынтыктары, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвестиция, туризм жана өз ара соода чөйрөсүндөгү жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди.

Кыргызстандын элчиси иш-чарага Ислам Кызматташтык Уюмунун Жаштар Форумунун Евразия аймактык борборунун чакыруусу менен барган.

Пикир

Оставить комментарий