• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Отунбаев БАдагы Америка университетинин президенти Качинс менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Кыргызстандын Америкадагы элчиси Б.Отунбаев Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти Э.Качинс менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, элчи Качинсти окуу жайдын президенти болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

"Э.Качинс заманбап дүйнөлүк шарттарга жооп берүүчү мыкты билим берүү стандарттары боюнча пландарын андан ары өнүктүрүү үчүн билим берүү программасы менен бөлүштү", - деп айтылат маалыматта.

Элчи менен окуу жайдын президенти коом, мамлекеттик кызмат жана экономика тармактарын санариптештирүү боюнча суроо-талапка ээ болгон жогорку технологиялуу кесиптерди өздөштүрүүгө багытталган Инновациялык колледждин ачылганын белгилешти.

Тараптар КРнын жарандары үчүн АКШ окуу программаларынын мамлекеттик органдар менен кызматташуусун жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн түзүү тууралуу талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий