• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Отунбаев Канада-Евразия соода-бизнес бирикмесинин директорлор кеңешинин төрагасы менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Б.Отунбаев Канада-Евразия соода-бизнес бирикмесинин директорлор кеңешинин төрагасы Ж.Бретон менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу 10-мартта Оттава шаарында өттү.

Элчи Б.Отунбаев өлкөдөгү бизнес коопсуздугун камсыз кылуу үчүн өлкөнүн жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле, инвестиция, экспорт жана Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана долбоорлор жөнүндө маалымат берди.

Тараптар Кыргызстан менен Канада-Евразия соода-бизнес бирикмесинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташуусунун келечегин талкуулашты. Эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өнүгүшүн камсыз кылуу максатында элчи Б.Отунбаев Кыргызстан-Канада бизнес кеӊешинин түзүүнү карап көрүүнү сунуш кылды.

Катышуучулар мындан ары кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеп, биргелешкен иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: Канада-Евразия соода-бизнес бирикмеси (КЕСББ) - бул 140-дөн ашуун компаниялардын тармагынан турган уникалдуу уюм болуп саналат. КЕСББ Торонтодо, Монреалда, Оттавада, Калгариде, Россияда, Өзбекстанда жана Казакстанда жайгашкан тогуз өкүлчүлүктөрүн түзгөн. КЕСББ 2004-жылы Канада, Евразия жана Россиянын ортосундагы соода, инвестицияларды жана эки тараптуу мамилелердин кеңейтүү жана колдоо үчүн түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий