• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Отунбаев Канаданын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын спикери менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиси Б.Отунбаев Канаданын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын спикери А.Рота менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 2020-жылдын 11-мартында өткөн.

Жолугушууда Канада менен Кыргызстандын ортосундагы парлементтик кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Канаданын парламентинин эл өкүлдөр палатасынын спикери А.Рота Кыргыз Республикасынын парламентаризмди бекемдөөдө жетишкендиктерди өзгөчө белгилеп, мындан ары эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагындагы парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын элчиси Б.Отунбаев канадалык тарап өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигине жана Канаданын шайлоо байкоочулары ЕККУ/ДИАУБдун эл аралык байкоочулардын группасынын курамында Кыргыз Республикасынын шайлоолоруна жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, БУУӨПнын «Кыргыз Республикасынын шайлоо процессин колдоо программасы» долбоорун (KESP III) каржылоо менен камсыз кылуу өтүнүч менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий