• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Отунбаев Канаданын протоколунун башчысына ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Канададагы элчиси Болот Отунбаев Канаданын протоколунун башчысы Стюарт Уилерге ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Канаданын протоколунун башчысы элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки өлкө ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча иштерине ийгилик каалаган.

"Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Отунбаев кыргыз-канада кызматташтыгын жакшыртуу тууралуу сөз кылды", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, тараптар эки өлкөнүн алакасын мындан ары бекемдөө зарылдыгын белгилешип, кызматташууга даяр экендиктерин айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий