• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Отунбаев РФнын ТИМ башчысы Лавров менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу РФнын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда С.Лавров кесиптешин Кыргызстандын Америкадагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, саясий диалогду колдоо боюнча чоң иштер жасалгандыгын билдирди. Ошондой эле миграциялык чөйрөдө биргелешип жүргүзүлгөн иштерди өзгөчө баса белгилеп айтты.

Тараптар КР менен РФ ортосундагы көп тараптуу кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын уюштурууда байланыштарды бекемдөө пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий