• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Отунбаев ТМКК өлкөлөрүнүн элчилеринин видео конференциясына катышты

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. 24-апрелде Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Болот Отунбаев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) өлкөлөрүнүн элчилеринин видео конференциясына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конференциянын жүрүшүндө ТМКК өлкөлөрүнүн элчилери, ошондой эле ТМККнын Башкы катчысы ТМКК мамлекеттеринин башчыларынын 2020-жылдын 10-апрелиндеги кезексиз жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары COVID-19 вирусунун пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча кызматташтыкты орнотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий