• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Элчи Рүстөнбеков Тажикстандын ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбеков Тажикстан Республикасындагы «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси К.Курманбаевдин катышуусу менен Тажикстандын ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 2020-жылдын 15-февралында Душанбе шаарында өтүп, анда билим берүү, маданият жана туризм чөйрөсүн өнүктүрүү темасына арналган «суроо-жооп» форматында пикир алмашуулар болду.

Ж.Рүстөнбеков КР президенти С.Жээнбековдун жарлыгына ылайык 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялангандыгын маалымдады. Аймактарды өнүктүрүү өлкөнүн мамлекеттик саясатынын маанилүү артыкчылыгы болуп эсептелет, ал эми санариптик технологиялар калктын жашоо сапатын жакшыртуунун маанилүү фактору болуп саналат деп белгиледи. Ж.Рүстөнбеков Кыргыз Республикасындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берип, жаштарды өлкөнүн өнүгүүсүнө татыктуу салым кошууга чакырды.

Элчи 2020-жыл Кыргызстандын жана кыргыз элинин келечеги үчүн маанилүү жыл экендигин белгиледи. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын күзүндө Кыргызстандын парламентине депутаттарын шайлоо өткөрүлөт. Элчи Тажикстанда окуп жаткан кыргыз студенттерине, жарандарына кайрылып, ушул маанилүү саясий иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий