• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Элчи Шарипов Болгария президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. 16-декабрда София шаарында Кыргызстандын Болгариядагы элчиси Жусупбек Шарипов аталган өлкөнүн президенти Румен Радевге расмий түрдө ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Андан соң тараптар кызматташуунун азыркы деңгээли жана келечеги тууралуу маек курду.

Элчи Р.Радевге терең ыраазычылык билдирип, кыргыз-болгар достук кызматташтыгын бекемдөөгө жана саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну илгерлетүүгө бардык күчүн жумшай тургандыгын ырастады.

Өз учурунда президент мырза перспективдүү багыттарда эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Жолугушуудан соң элчи Ж.Шарипов белгисиз аскердин эстелигине гүлчамбар койду.

Пикир

Оставить комментарий