• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Шарипов чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 31.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын, Болгария Республикасынын жана Румыниянын аймагында жашап жаткан кыргыз жарандары менен онлайн аркылуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Шарипов эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана чет өлкөдө кыргыз маданиятын илгерилетүү боюнча элчиликтин турмушунда активдүү катышкан, COVID-19 пандемиясы учурунда оор абалда калган мекендештерине жардам көрсөткөн, ошондой эле гуманитардык жардам көрсөтүү максатында акча каражаттарын топтогон Кыргыз Республикасынын жарандарына ыраазычылык каттарды ыйгарды.

Мындан тышкары, элчи 2021-жылы Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилерин айтып өтүп, элчиликтин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымдады жана жарандарды мааракелик датаны майрамдоо боюнча ар кандай иш-чараларга катышууга чакырды.

Ошондой эле элчи Шарипов жарандарды 2021-жылдын 10-январында боло турган президенттик шайлоого жана оеферендумга активдүү катышууга чакырды.

Онлайн жолугушуунун аягында элчи жарандардын суроолоруна жооп берди.

Пикир

Оставить комментарий