• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Шарипов украиналык жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын президенти менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын 20-февралында Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шарипов украиналык жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын президенти Т.Изовит менен жолукту.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар жеңил өнөр жай тармагындагы кыргыз-украин мамилелеринин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, КР жана Украинанын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциацияларынын ортосунда тажрыйба алмашуусун жана кызматташуусун, ошондой эле, текстил-тигүүчү өнөр жай продукциясын эки тараптуу өнүктүрүүсүн талкуулашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан жана Украинанын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциацияларынын ортосунда ири тигүүчү ишканалардын жана жеңил өнөр жай тармагындагы адистерди даярдаган окуу жайлардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен видеоконференция куруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий