• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Султанов менен Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы кызматташтыкты талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Үстүбүздѳгү жылдын 23-августунда Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Талант Султанов Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Довлетгелди Режепов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгынын келечектүү багыттарын, ошондой эле Орто Азия борбордук мамлекеттердин башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында, 2021-жылдын 5-6-августунда Түркмөнбашы шаарында өткөн региондогу өлкөлөрүнүн товарларынын эл аралык көргөзмөсүнүн жыйынтыктарын талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана диверсификациялоо, ошону менен бирге өз ара соода жүгүртүүнү жогорулатуу үчүн чакан жана орто бизнеске максималдуу жардам көрсөтүү керек деген пикирге келишти.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелердин комплексин өнүктүрүүдө толук өз ара аракеттенүүгө тоскоолдуктарды четтетүү маселелерин талкуулоо жана чечүү үчүн үзгүлтүксүз байланыштарды кармап туруу жөнүндө макулдашууга жетишилди мамилелер комплексин өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды четтетүү маселелерин талкуулоо жана чечүү үчүн үзгүлтүксүз байланыштарды кармап туруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий