• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Сыдыков Иран ТИМинин Евразия департаментинин башкы директору менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-ноябрында Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыковдун Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Евразия департаментинин башкы директору Алиреза Хакикиян менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Сыдыков маектешине учурдагы ички саясий абал, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган КР Жогорку Кеңешине шайлоолор тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-иран эки тараптуу мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелерин да талкуулашты.

Элчи Сыдыков республика үчүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун артыкчылыктуу экендигин жана мамлекет жетекчиги Кыргызстандын тышкы саясатында экономикалык дипломатияны илгерилетүүгө чоң маани берип жаткандыгын баса белгиледи.

"Энергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорго, атап айтканда Кыргызстанда ири жана кичи ГЭСтерди курууга, айыл чарбасына, кайра иштетүү өнөр жайына, ошондой эле транзиттик-транспорттук потенциалды өнүктүрүү жана туризм чөйрөсүн инвестициялоонун келечегине өзгөчө басым жасалууда", - деген иран тарапты Кыргызстандын Иран менен боордош аймактарына, анын ичинде Баткен облусуна социалдык объектилердин курулушуна инвестиция салуу жана финансылык-экономикалык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө чакырды.

2022-жылы Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракесин эске алуу менен Сыдыков юбилейлик жылда жогорку деңгээлдеги өз ара иш-сапарларды жана Кыргызстан менен Иранда соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Иран Тышкы иштер министрлигинин Евразия департаментинин башкы директору Алиреза Хакикиян элчини ишеним баракчасын тапшыруусу менен жана Кыргызстандын Ирандагы элчисинин кызматына киришүүсү менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен “жол картасын” иштеп чыгуу демилгесин колдоп, бардык сунуштарды кароого жана анын Иранда дипломатиялык миссиясын ийгиликтүү ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди.

Ошондой эле Хакикиян Ирандын ШКУга толук кандуу мүчө болушуна колдоо көрсөткөнү үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар ИКУ, ЭКУ жана ЕАЭБ сыяктуу аймактык уюмдардын алкагында кыргыз-иран кызматташтыгын кеңейтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн дагы кеңири ачылгандыгын белгилешти.

Жыйынтыгында элчи Сыдыков өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча кыргыз-иран мамилелерин мындан ары да өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий