• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-герман парламенттер аралык мамилелерин өнүктүрүү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Бундестагынын аппаратынын Илим жана эл аралык кызматташуу маселелери боюнча департаментинин жетекчиси доктор Зильке Альбин менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде парламенттик делегациялардын иш сапарлары менен алмашуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Текебаев өлкөбүздө демократиялык процесстерди жана парламентаризмди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө максатында Кыргызстандын Бундестагдын эл аралык парламенттик стипендиялар программасына катышууга кызыкдар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий