• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчи Текебаев Саксония Федералдык аймагынын премьер-министри менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. Дрезден шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен Саксония Федералдык аймагынын премьер-министри Михаэль Кречмер менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктары, улуттук экономиканын негизги тармактары жана ири инвестициялык долбоорлор, Борбордук Азия регионунун географиялык жана геосаясий абалы жана Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.

Кыргызстан менен Чыгыш Германиянын эң өнүккөн федералдык аймагы болгон Саксониянын ортосундагы соода-экономикалык, технологиялык, тоо-кен, туризм жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле кесиптик билим берүү жана Саксония Федералдык аймагында КРжарандарын ишке орноштуруу маселелери боюнча сунуштар жана Кыргызстан менен Саксониянын кызматташуусун өнүктүрүү боюнча биргелешкен пландар талкууланды. Германия тарабынын кароосуна Кыргызстандын бир катар инвестициялык долбоорлору сунушталды.

Бишкектеги Кыргыз-герман прикладдык информатика институту менен Цвиккау шаарындагы Батыш-Саксон прикладдык илимдер университетинин ортосундагы кɵп жылдан берки өнөктөштүк, ошондой эле 1997-жылдын 19-мартындагы Бишкек менен Хемниц шаарларынын ортосундагы боордоштук мамилелерди түзүʏ тууралуу Макулдашуу Кыргызстан менен Саксониянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоонун жакшы өбөлгөлөрү болуп саналат жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдʏ тʏзɵт.

Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев Саксония Федералдык аймагында болгон жумушчу сапарынын алкагында Фрайбергдеги дүйнөдөгү биринчи Тоо-кен академиясында болуп, ошондой эле Саксониянын ишкерлери менен жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий