• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Тотуяев КР менен кызматташууга кызыкдар болгон пакистандык ишканаларга барды

Коом 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-14-сентябрь күндөрү Лахор шаарына жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар болгон пакистандык ишканалардын башчылары менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билидрет.

Тактап айтканда, ушул жылдын 13-сентябрында элчи Кыргызстанга 9дан ашык дарыларды жеткирүүчү "Wilshire" фармацевтикалык компаниясынын лабораториясына иш сапар менен барды. Компаниянын жетекчилиги Амжад Али Жава жана Мохаммад Закир менен болгон жолугушууда, эки өлкөнүн фармацевтика тармагындагы кызматташтыгын тереңдетүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Мындан тышкары, 13-сентябрда элчи У.Тотуяев Пакистандан мөмө-жемиш азыктарын Европа жана Азия рынокторуна экспорттоого адистешкен «Hac Agri» компаниясынын кеңсесине барды. Элчи У.Тотуяевдин компаниянын жетекчилиги Харун Чаудри жана Таймур Чаудри менен болгон жолугушуусунун алкагында, айыл чарба тармагында кыргыз-пакистан кызматташтыгынын келечеги,, ошондой эле мөмө-жемиштерди сактоочу жайларды Кыргызстанда ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Ушул жылдын 14-сентябрында элчи У.Тотуяев пакистандык «JW SEZ Group» ири компаниясынын «Haier» тиричилик техникасын жана «MG» менен «Forland» унааларын чыгаруучу заводдоруна иш сапар менен барды. Элчи компаниянын башкы директору Файсал Африди менен болгон жолугушуусунда тиричилик техникасы жана машина куруу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча келишимдер түзүлдү. Жолугушуунун алкагында пакистандык тарапка биздин өлкөдө ушул сыяктуу заводдорду ачуу үчүн Кыргызстанда ыңгайлуу инвестициялык климат тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий