• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Тотуяев Пакистандын масс-рестлинг ассоциациясынын президенти менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 20.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын масс-рестлинг ассоциациясынын президенти Наваб Фуркан Хан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар улуттук спорттун түрлөрү боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгын, Пакистанда популярдуу крикет оюнун Кыргызстанда көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Кыргызстандын элчисинин демөөрчүлүгү астында быйыл масс-рестлинг боюнча Пакистандын 5-чемпионатын өткөрүүнү талкуулашты.

Белгилей кетсек, Пакистандагы Кыргызстандын элчисинин көзөмөлү астында масс-рестлинг боюнча мелдештерди уюштуруу жакшы салтка айланып, жыл сайын өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий