• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР элчиси Пакистандын Жогорку билим берүү комиссиясынын төрагасы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяевдин Пакистандын Жогорку билим берүү комиссиясынын төрагасы Мухтар Ахмед менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты, атап айтканда, билим берүү методикалары жана программалары, ошондой эле студенттик жана академиялык алмашуу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Элчи У.Тотуяев Кыргызстандын өкмөтүнүн билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, окутуунун инновациялык ыкмаларын жайылтууга, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен билим берүү чөйрөсү боюнча тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну жолго коюуга умтулгандыгын белгиледи.

Ушуга байланыштуу ал Пакистан тарабы менен Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын Жогорку билим берүү комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму сыяктуу эки тараптуу келишимдерди түзүү жана биргелешкен иш-чараларды уюштуруу аркылуу ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал пакистан тарабына Пакистандын медициналык комиссиясы тарабынан Кыргызстандын айрым медициналык университеттери үчүн чектөөлөрдү алып салууга көмөк көрсөтүүгө өтүнүчүн билдирди.

Кызматташтыкты мындан ары активдештирүүнүн перспективаларын эске алуу менен элчи У.Тотуяев Мухтар Ахмедди Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу, академиялык жана студенттерди алмашуу жагынан мүмкүнчүлүктөрдү издөө, ошондой эле өз ара пайдалуу макулдашууларга жетишүү үчүн Кыргызстанга иш сапар менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде, Мухтар Ахмед тынчтык жана стабилдүү дүйнөлүк коомчулукту курууда билим берүүнүн маанилүү ролун белгилеп, жакынкы келечекте билим берүү тармагынын делегацияларынын өз ара визиттерин уюштурууга даяр экендигин маалымдап, мындай иш-чаралар кыргыз-пакистан кызматташтыгына олуттуу түрткү берерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий