• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчи Жусупов Британия ханышасы Елизавета IIге ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Кечээ, 7-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Жусуповдун ханыша Елизавета IIге ишеним грамотасын тапшыруу аземи виртуалдык режимде өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Жусупов ишеним грамотасын тапшыруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана алардын ар түрдүү тармактарда өнүгүү келечегин баса белгиледи.

Ошондой эле ал Улуу Даражалуу Ханышанын монархтын тактысына отурганынын 70 жылдыгы жана Улуу Британиянын ушул жылдар бою ийгиликтүү башкаруусу менен куттуктады.

Элчи кыргыз-британ мамилелерин мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Өз кезегинде ханыша Елизавета II Жусуповду Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына киришүүсү менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий