• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Уланбек Тотуяев Пакистан Сенатынын төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кечээ, 1-декабрда Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Сенатынын төрагасы Садик Санджрани менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташтык, сапарлар алмашуу жана депутаттык достук топторунун ишин жандандыруу, эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Тотуяев Кыргызстанда быйылкы жылы болуп өткөн маанилүү саясий өзгөрүүлөр, жаңы Конституция боюнча референдумдун, КР президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Ал Пакистан тарапка Кыргызстандын инвестициялык, соода-экономикалык жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий