• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Элчи Улукбек Марипов Сауд Аравия падышасына ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Эки Ыйык Мечиттин Сакчысы, Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Саудга ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Элчи Марипов Сауд Аравия падышасына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Дипломатиялык миссиясы учурунда элчи Марипов кыргыз-сауд мамилесин мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго терең урмат-сыйын билдирип, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, элчи Улукбек Мариповго дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий