• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Элчи Жунусов: Мен үчүн кыргыз менен ѳзбектин арасы - кѳзүмдүн агы менен карасы

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Ташкент областынын Паркент районундагы «Кыргыз аулунда» жайгашкан №33 кыргыз орто мектебине барып, айыл тургундары жана мектеп окуучулары менен жолугушту. Анда катышкан «Кабардын» ѳз кабарчысы болуп ѳткѳн иш-чара тууралуу баяндайт.

Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовду мектеп окуучулары, жамааты жана айыл тургундары салтанаттуу түрдѳ, жергиликтүү салтка ылайык, нан, туз менен тосуп алышты.

Элчи мырза Паркент районун акими Неъматжон Мухаммедов жана башка облус жана район деңгээлиндеги бийлик ѳкүлдѳрүнүн коштоосунда, мектепте ѳтүлүп жаткан кыргыз, англис, ѳзбек тилиндеги сабактарына катышып, окуучуларга сабактарына тиешелүү суроолор менен кайрылып, алар менен аңгемелешти.

Спорт залындагы волейбол боюнча машыгууларды тамаша кылды жана мектептин китепканасы менен жакындан таанышты. Китепканада меймандар үчүн ачылган Эстелик китебине ѳз жазуусун калтырды.

Андан соң жолугушууга арнап уюштурулган жыйында Паркент районун акими Неъматжон Мухаммедов элчини жана конокторду кызуу куттуктап, бул иш-чара ѳткѳн жылы Ѳзбекстанда кенен майрамдалган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовтун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын уландысы экендигин баса белгиледи. Ал Чыңгыз Айтматовтун бюстун райондогу №33 кыргыз орто мектебине коюлушун жалпы Паркент эли зор кубаныч менен тосуп алганын билдирди.

«Бул иш-чара президенттерибиздин эки боордош ѳзбек жана кыргыз элдеринин ортосундагы ѳз ара алакалардын күн сайын жакшыланып, ѳнүгүп бара жатканын билдирет. Сиздер мейман болуп турган «Кыргыз аулда» 3 миңден ашык кыргыз улутуна таандык эл жашайт. Алар райондун социалдык-экономикалык, маданий жана башка алкактагы ѳнүгүшүнѳ ѳздѳрүнүн татыктуу салымдарын кошуп келүүдѳ. Эттен тырмакты ажыратып болбогондой Ѳзбекстан менен Кыргызстанды, кыргыз калкы менен ѳзбек калкын да бир-биринен ажыратып болбойт. Элчи мырзаны бүгүнкү кадамы мамлекеттерибиздин, калктарыбыздын ортосундагы достукты мындан ары да ѳнүктүрүүдѳ үлгүлүү ѳбѳлгѳ болот», деп айтты аким мырза.

Элчи И. Жунусов катышуучуларга кайрылып, эки мамлекеттин ѳз ара мамилелериндеги олуттуу маселелерге, элчиликтин иш-аракетинин негизги максаттарына токтолду.

Ал элчи болуп келгенине бир жарым ай болгонун, милдетин Ѳзбекстанда жашап жаткан кыргыз туугандардан кабар алуудан баштап жатканын айтып, Жызак облусундагы «Манас» айылына жасаган биринчи сапары тууралуу ортоктошту.

«Ѳзбекстандын президенти урматтуу Шавкат Миромоновичтин демилгеси менен 45 күндүн ичинде ылай, баткак болуп жаткан айылды абат айылга айландырганын мен Түркияда жүрүп кѳрдүм эле. Бул окуяга ал жердеги элчилер да ѳтѳ кызыгуу менен кѳңүл бурушуп, таң калгандары эсимде», деп эскерет элчи мырза.

И. Жунусов чындыгында да Манас айылы укмуш, керемет конушка айланганын, бул долбоор урматтуу президент Шавкат Мирзиёевдин жеке кѳзѳмѳлүндѳ болгондугу үчүн ушундай кыска мѳѳнѳттѳ, сапаттуу деңгээлде жүзѳгѳ ашты деген ойдо экендигин билдирип, бул үчүн Ѳзбекстан президентине ѳзүнүн, элчилик жана жалпы кыргыз элинин наамынан ыраазычылын билдирди.

«Андан соң Ѳзбекстандагы кыргыздар жашап жаткан айылдарына барууну пландаганмын. Ушул жерде киндик каны тѳгүлүп, эр жетип, билим алып, үй-бүлѳ куруп, бала-чакалуу болуп, коомдо ѳз ордун таап, кѳп улуттуу мамлекетте ырыс-ынтымакта жашап жаткан жергиликтүү кыргыздарды колдоп-кубаттап, боордошторубузга ѳз айылын, ѳз мектебин жаратып, улуттук ѳзгѳчѳлүгүн сактап калуу үчүн шарт түзүп берген ѳзбек элине чоң ыраазычылык билдирем», деп айтты элчи мырза.

И. Жунусовдун айтымында, ѳзбек эли кадимден меймандос, боору кең, эмгекчил калк. «Баба дыйкан деген сѳздү мен алгачкы жолу ѳзбек туугандардан уккам. Баба дыйкан дегенде билектерин түрүнүп, колуна кетменин алып, талааны кѳздѳй бара жаткан бир аксакал кѳз алдыма келет», деп эскерет ал.

Элчинин айтымында, Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосунда түзүлгѳн эң жакшы кѳпүрѳ бар. «Биздин максат ошол кѳпүрѳнү алтын кѳпүрѳгѳ айландыруу. Акыркы жылдары биз бири-бирибиз менен катташып, чекараларыбыз жанданып, жабык эшиктер кайра ачылып, кылымдар бою уланып келе жаткан карым –катташ калыбына келди», дейт И. Жунусов.

Анын айтымында, мамлекеттерибиздин президенттери Сооронбай Шарипович жана Шавкат Миромонович бир столдо ийри отуруп, түз кеңешип, эки боордош элдин ѳз ара карым-катышын мындан ары да ѳнүгүшүнѳ шарт түзүп беришти. Эки мамлекеттин ортосунда саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитар алкактарда, ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы негизинде кызматташтыкты ѳркүндѳтүү багытындагы алдыбызда турган иш-чаралар, вазыйпалар белгилеп берилди.

«Менин милдетим ошол стратегиялык ѳнѳктѳштүк багытындагы максат жана вазыйпаларды жүзѳгѳ ашыруу. Бул милдетти мен ѳзүм жалгыз аткара албайм, силерге окшогон Ѳзбекстанда жана Кыргызстанда жашаган элдердин ортосу канчалык жакшы болсо, ѳз ара карым-катыш кѳбѳйсѳ, бул максатыбыз ошончолук тез жүзѳгѳ ашат», дейт элчи мырза.

Жыйын катышуучуларына кыргыздын «катташпаса, бир тууган да жат болот», деген макалын эскертет. «Бул деген эгер бир-бириңден кабар албасаң, ата-энен бир болсо да, бара-бара жат болосуң деген сѳз. Катташпай калган, жаман окуялар болгон учурлар болду, бардыгы артта калсын, булардын бардыгы кайталанбасын. Биз бир тууган элбиз. Түрк элдеринин ичинен жакындарынын жакыны бул ѳзбек менен кыргыз. Мен үчүн кыргыз менен ѳзбектин арасы кѳзүмдүн агы менен карасы. Кѳзүмдүн агы менен карасы кандай жакын турган болсо, мен үчүн кыргыз менен ѳзбек ошондой», деп баса белгиледи И. Жунусов.

Анын айтымында, ѳзбектер менен талаша турган эч нерсебиз жок. Биз жашай турган жашообуз бардыгы бир. Дилибиз бир, тилибиз бир, динибиз бир, тарыхыбыз бир, маданиятыбыз бир, алыш-бериш үчүн барсак - базарыбыз бир, ѳлсѳк – мазарыбыз бир. Себеби силер менен биздин аллахыбыз бир.

Элчи И.Жунусов жаш муунга билим, таалим-тарбия берүү алкагында 27 жыл иштегенин айтып, мектеп окуучуларына кээ бир акыл-насаат менен кайрылды. «Силер эң бактылуу жаштарсыңар. Окуу, билим алуу үчүн мектебиңерде бардык заманбап шарттар түзүлүптүр. Мектепке залкар инсан Чыңгыз Айтматовтун бюсту коюлганы сиздерге мындан ары да жакшы илим-билим алып, татыктуу инсан болуп калыптанууга, улуу жазуучунун мурасын, анын инсан катары сапаттарын терең үйрѳнүүгѳ милдеттендирет. Бул үчүн кѳп окуу, эмгектенүү керек», деп айтты ал.

Элчи сѳзүнүн соңунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовтун кыргыз тилиндеги 8 томдугун эки нускасын жана окумуштуу, журналист Тѳлѳнбай Курбанов тарабынан улуу жазуучунун кыргызчадан ѳзбек тилине которулган, ѳзбекче кирилл, латын шрифттеринде жана кыргыз тилиндеги варианты бир басмада берилген «Балалыгым» китебин 4 нускасын мектеп китепканасына тапшырды. Бул китептерди жалаң жаштар үчүн гана эмес, бардык курактагы адамдар үчүн чоң тарбиялык мааниге ээ болгон философиялык чыгармалар экендиги айтылды.

«Биздин мектепке Президент Шавкат Мирзиёевдин атайын жарлыгы менен улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовтун бюсту орнотулганы биз үчүн чоң бакыт, сый-урмат. Ѳзбекстандагы 56 кыргыз орто мектептеринин арасынан биздин мектептин тандалып алынышы зор сыймык менен бирге үлкѳн милдет жүктѳйт. Мектеп окуучулары жана жамааты ушундай сый-урматка татыктуу болуу үчүн тынымсыз аракет кылат. Мектеп окуучулары бюсттун астына күн сайын гүл коюп турушат. Мындай адамга канчалык гүл койсок да аздык кылат», дейт мектеп директору Кубанычбек Жаматов.

Мектептин алгачкы директору Аман агай Азимовтун айтымында, мектеп 1992-жылы 28-августта ачылган, мектепке жергиликтүү кыргыз, Ташкент обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген, Социалистик Эмгектин Баатыры Азиз Токтобаевтин ысымы берилген.

«Кийинчерээк мектептерге адамдардын наамын берүү бекер кылынып, №33 деп аталып калган, бирок азыркыга чейин калк ичинде Азиз Токтобаев мектеби деп айтылат. Биздин мектеп улуу инсандардын назары түшкѳн окуу жайы. Кыргыздын чыгаан уулдарынан бири, атактуу журналист Зыят Исламович Есенбаев да мектептин абалынан дайыма кабар алып турган. Элчи Ибрагим Жунусовтун жергиликтүү кыргыздарга кѳңүл буруп келгенинен башыбыз кѳккѳ жетти. Бирок калктарыбыздын купулуна толгон, атактуу ырчы, Кыргыз Эл артисти Ибрагим Жунусовтун «Эламан» ыры мындан чейрек кылым мурда бизге жетип келген», дейт Аман агай.

Учурда мектепте 300 окуучу таалим алат. Кыргыз тили жумасына 7 саат, англис жана ѳзбек тилдери кошумча тил катары окутулат. Мектептин заманбап спорт залында ар түрдүү спорт ийримдери бар. Ташкент областынын волейболдук курама командасынын 60 пайызын №33 мектептин окуучулары түзѳт.

Жолугушуу соңунда катышуучуларга мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерт тартууланды. Концерт программасында «Манас» эпосунан үзүндүлѳр, Ч. Айтматовтун «Эне жер» романынан сахна кѳрүнүштѳрү жана кыргыз элдик бийлери орун алган.

Тѳлѳнбай Курбанов

«КАБАР» МАБ

Ташкент, 18 февраль 2019 жыл

Пикир

Оставить комментарий