• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчи Жунусов Румыниянын Өзбекстандагы элчиси Даниэль Кристиан менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов жаңы дайындалган Румыниянын Өзбекстандагы элчиси Даниэль Кристиан Чобану менен жолукту.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Даниэль Кристиан Чобану дипломатиялык ишмердүүлүгү жөнүндө кыскача маалымат берип, саясий, соода-экономикалык чөйрөдөгү румын-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалы жөнүндө маалымдады.

Өз кезегинде элчи Ибрагим Жунусов кыргыз-өзбек кызматташуусун өнүктүрүүдөгү негизги багыттары жөнүндө айтып, ага Өзбекстандагы жаңы дипломатиялык ишине ийгиликтерди каалады.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Румыниянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий