• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчи Жусупов Австриянын президенти менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Кечээ, 14-январда Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов жыл сайын өтүүчү Австриянын президенти Ван дер Беллен менен жолугушууга өлкөдөгү аккредитацияланган элчилер менен бирге катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Б.Жусупов Австриянын президентине эки өлкөнүн эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүүгө жасалган кадамдар тууралуу, ошондой эле Кыргызстандын ички саясий жана ички экономикалык абалы тууралуу кыскача маалымдады.

Элчи Австриянын президенти Александер Ван дер Белленге Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун жолдоп, өлкөбүздүн тышкы саясат ведомствосунун алдына коюлган тапшырмалар тууралуу айтып берди. Ѳзгөчө, приоритеттүү жана жаңы багыт катары экологиялык дипломатия экендиги баса белгиленди. Австриянын президенти Кыргызстан менен Австриянын окшоштугун белгилеп, айрыкча, эки өлкөнүн климаттык өзгөрүүсүнүн маселелерин, курчаган айлананы коргоодогу, анын ичинде, мөңгүлөрдүн эрүүсүнө каршы күрөшүүдөгү маселелерди чечүүдөгү биргелешип иштөөсүнө кызыкдар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий