• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчи Жусупов ЕККУ/ДИАУБдун жаңы дайындалган директору Маттео Мекаччи менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Ушул жылдын 15-январында, Венада Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Бакыт Жусупов Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) жаңы дайындалган директору Маттео Мекаччи менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Тышкы саясий ведомствонун маалыматына караганда, туруктуу өкүл Жусупов ушул жылдын 10-январында Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоого жана референдумга байкоо жүргүзүү процессине активдүү катышкандыгы үчүн ДИАУБ миссиясына ыраазычылык билдирди.

Шайлоо процессин өркүндөтүү жаатында ДИАУБ менен мындан ары кызматташтыкты улантууга кыргыз тарабынын даярдыгын билдирди. Шайлоонун жана референдумдун алдын ала жыйынтыктары жөнүндө кыскача маалымат берди. Ушул жылы Кыргыз Республикасында конституциялык реформа жана парламенттик шайлоо боло тургандыгына көңүл бурду.

Ошондой эле элчи Жусупов М.Мекаччини Кыргызстанга ДИАУБдун жаңы дайындалган жетекчиси катары келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде ДИАУБдун директору М.Мекаччи ДИАУБ миссиясын чакыргандыгы жана Кыргыз Республикасында жолугушууларды уюштурууга көмөктөшкөнү үчүн Кыргыз Республикасынын бийлигине ыраазычылыгын билдирди. Андан тышкары, ал кызматташууну улантууга жана кеңейтүүгө чакырып, КРнын улуттук приоритеттеринин маанилүүлүгүн белгилеп, ДИАУБ мандатынын алкагында колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий