• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Элчи Жусупов Словакиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Кечээ, 17-декабрда Кыргызстандын Словакиядагы элчиси Бакыт Жусупов аталган өлкөнүн президенти Зузана Чапутовага ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Словакия ортосундагы эки тараптуу мамилелердин азыркы өнүгүү темпи президенттик "Грассалковичей" сарайында талкууланды. Тараптар эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Элчи Братиславага болгон иш сапарынын жүрүшүндө Соода-өнөр жай палатасынын башкы директору Хривик Мартин, Тышкы иштер жана Европа Биримдиги боюнча министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин директору Виктор Борецки жана Каржы министрлигинин атайын мамлекеттик бүтүмдөрдүн бөлүмүнүн аткаруучу директору Андреа Холикова менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий