• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Элчилик: Москвадагы шайлоо тилкелеринде мыйзам бузуулар катталган жок

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Саат 10:00га карата (москва убактысы боюнча) Москвадагы участкалык шайлоо комиссиясы өз ишин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен штаттык режимде улантып жатат.

КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, көз карандысыз байкоочулар жана саясий партиялардын байкоочулары тарабынан участоктордо кыргыз жарандарынын шайлоо укугун бузуулар катталган жок.

Учурда Москвада 5 участокто Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого – 1 миң 212 кыргыз жараны жана референдумга – 1 миң 143 КР жараны добуш берди.

Москва участокторундагы шайлоочулардын тизмесине 17 миң 891 Кыргыз Республикасынын жараны катталган.

"Жарандарга шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн табууга жана шайлоо комиссиясынын номерин аныктоого көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле консультация берүү үчүн активисттердин, студенттердин жана кыргыз диаспораларынын жаштарынын арасынан 100дөн ашуун ыктыярчылар тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий