• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчилик: Россияда заводдогу өрттөн 7 эмес, эки кыргыз жараны жабыркады

Коом 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Россиянын Гороховец шаарындагы айнек идиштерди өндүргөн заводдо чыккан өрттөн 7 киши жабыркады. Алардын экөөсү кыргыз жарандары. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Өрт 5-март күнүн кечки саат 18:15 башталган. Учурда 28 жаштагы жигит Гороховец шаарынын ооруканасына, ал эми 33 жаштагы жигит «Приволжск медициналык изилдөө университетине» жеткирилген.

Дарыгерлер жабыркагандардын абалы оор экенин айтып жатышат.

Мурдараак ТАСС маалымат агенттиги жабыркаган 7 кишинин баары кыргызстандыктар болгонун жазып чыккан.

Бул маселе кыргыз элчилигинин көзөмөлүнө алынган.

Пикир

Оставить комментарий