• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчилик: Россиядагы жол кырсыгынан каза болгон жана жабыркагандардын бардыгы кыргыздар болгон

Коом 0

Бишкек, 29.08.17 /Кабар/. Россиянын Пенза облусундагы жол кырсыгынан бир аял каза болуп дагы бешөө жабыркады. Алардын бардыгы Кыргызстандыктар,-деп билдирди КРнын Россия Федерациясындагы элчилигинен.

Маалыматка ылайык, элчилик жабыркагандардын жакын туугандарын табуу үчүн атайын билдирме жөнөттү.

Россия ММКнын маалыматына таянсак, 44 жаштагы кыргыз жаранынын башкаруусундагы Mercedes Benz кичиавтобусу жана Mercedes үлгүсундөгү жүк ташуучу унаа ишемби күнү сүзүшө кеткен.

Полициядан билдиришкендей, эки унаанын тең айдоочусу Кыргызстандын жараны, бирок буга чейин алар бирин-бири таанычу эмес.

Пикир

Оставить комментарий