• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчилик: Түркиянын полициясы кармап кеткен кыргыз жараны кое берилди

Коом 0

Бишкек, 29.08.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Түркиянын Анкара шаарында көчөдө калган аялдын өздүгү такталып, жакындары табылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева өзүнүн интернет баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, кечээ, 28-августта Туркиянын Анкара шаарында бир кыргыз кызы көчөдө жүрөт деген маалымат келген. Аны активдүү жараныбыз Акбалык Жумалиева жарыялап, жардам сураган.

“Түркиядагы элчилигибизге жана Башкы консулдугубузга бул маалыматты тактоо үчүн өтүнүм жиберилген болчу.

Андан соң кыздын атасы табылып, окуянын чоо-жайы такталды. Бүгүн бул кызыбыз 1987-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Жийде айылынан экендигин Түркиядагы элчилигибиз тактап беришти. Элчиликтин маалыматы боюнча, жергиликтүү полиция бул жаранды кармап кеткен экен. Элчиликтин жардамы менен бошотулуп учурда ал Анкаранын мамлекеттик ооруканаларынын бирине жаткырылды. Жакшы болуп чыкса, дипломаттарыбыз Кыргызстанга кетүүгө болгон аракеттерин көрүшөт”,-дейт.

Пикир

Оставить комментарий