• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчилик Улуу Британиядагы кыргызстандык окуучуларды мекенине алып келүүгө чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Лондондогу элчилиги Улуу Британиянын мектептеринде окуп жаткан кыргыз өспүрүм окуучулардын ата энелерине балдарды жакынкы күндөрү мекенине алып кетүүгө чакырат.

Элчиликтен билдиришкендей, Улуу Британиядагы мектептер 23-марттан тарта жабылары күтүлүп жатат жана алар бир нече айга чейин иштебейт.

"Жакынкы күндөрү мектептердин жабылышы күтүлүүдө. Расмий булактардын маалымдоосу боюнча, мектептер жаңы окуу жылынын башталышына чейин ачылбайт", - деп айтылат маалыматта.

Суроолор боюнча элчиликтин түз байланыш номерине кайырлууга болот: +44 7407131245; электрондук почтанын дареги: b.kadyrkulov@mfa.gov.kg, mail@kyrgyz-embassy.org.uk

Пикир

Оставить комментарий