• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Элчиликке Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөн ашык кыргызстандык кайрылды - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 25.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын Украинадагы элчилигине өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган 300дөн ашык кыргызстандык кайрылган. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Украинанын аймагында 1357 кыргыз жараны жашайт, алардын 680ни элчиликтин консулдук каттоосунда турат.

Эскерте кетсек, учурда КР ТИМи Украинанын аба мейкиндигинин жабылышына жана Украинанын аймагында өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүнү каалаган КР жарандарын эвакуациялоо маселесин карап жатат.

Украинадагы азыркы кырдаалга байланыштуу Консулдук кызмат департаментинде жана КРнын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн төмөндөгүдөй ыкчам байланыш телефондору иштөөдө:

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348, а также «WhatsApp» группа Посольства;

КР ТИМнин Консулдук кызмат департаменти

+996 551 312 000 - номер горячей линии;

+996 703 428 865

+996 709 983 465

++996 554 065 215.

Пикир

Оставить комментарий