• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Элчиликте Шавкат Мирзиёевге арналган "Жылдын адамы" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/.Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге арналган "Жылдын адамы" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

"Ала-Тоо айымдары" кыймылынын сыйлыгын алуу үчүн Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Илхом Неъмаматов келген. Өзбекстандын президентине деп атайын диплом, кубок жана медаль тапшырылды.

"Мирзёевге "Жылдын адамы" наамынын берилиши, ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесин, эки бир тууган элдин пайдасына чечүүдө көсөм саясатчы катары көпүрө болуп бере алгандыгы үчүн, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу максатында Өзбекстанда негизги көчөлөрдү анын ысымы менен атады жана бир катар иш-чараларды өткөрдү", - деп "Ала-Тоо айымдары" кыймылынын жетекчиси Жыпаргүл Баргибаева билдирди.

Ал эми Өзбекстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Илхом Неъмаматов президент Шавкат Мирзиёев "Жылдын адамы" деп аны тандагандыгы үчүн ыраазычылык билдиргенин айтты.

"Өзбекстандын президентинин атынан терең ыраазычылык билдирем. Биздин эл үчүн, президент үчүн чоң сыймык. Эгер Борбор Азияда ушундай иштер жүрүп жатса, анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жакшы нукта бара жатканынан кабар берет", - деди Неъмаматов.

Эскерте кетсек, "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылы жылдын адамы деп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзёевди тааныган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпаргүл Баргибаева билдирген.

Пикир

Оставить комментарий