• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Элчиликтерди тынч коюңуздарчы". Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды

Президент 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жалпы кыргызстандыктарга кайрылды.

Анда мындай деп жазылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Мага жеткен маалыматтар боюнча, кандайдыр бир топ эртең акция уюштуруп, Бишкектин көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, элчиликтердин алдына барабыз деген ниеттерин билдиришиптир.

Ар бир ниеттин же кадамдардын чеги болот.

Элчиликтер жана анын аянтчалары башка мамлекеттердин менчиги болуп саналат. Кол тийгис. Дүйнө жүзүндө биздин дагы элчиликтерибиз бар. Алар дагы биздин кол тийгис аянтыбыз. Бирөө жарым келип, эшигин каккылап, баш аламандык кылганга акысы жок. Албетте биз демократия багытынан кайтпайбыз. Жарандарыбыздын оозун тыйбайбыз. Укугун чектебейбиз. Митингдер сөзсүз болуш керек. Ал үчүн Горький паркын аныктап бердик. Кааласаңыздар 24 саат бою митинг кылыңыздар. Каалаган сөзүңүздөрдү, пикиринерди айтыңыздар. Эч ким каршы эмес.

Бир гана сураныч. Элчиликтерди тынч коюңуздарчы".

Пикир

Оставить комментарий