• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Элчиликтин кызматкерлери Тажикстандын ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. 12-декабрда Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин кызматкерлери Тажикстандын ЖОЖдорунда окуган кыргыз студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга Тажикстандагы «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси К.Курманбаев дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстан Республикасынын аймагында убактылуу/дайыма жүргөн кыргыз жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруунун шарттары жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Элчилик кызматкерлери Тажикстанда окуп жаткан кыргыз студенттерине, жарандарына кайрылып, 2021-жылдын январь айында КР президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөрүн айтып, ушул маанилүү саясий иш-чарага активдүү катышууга чакырды.

Мындан тышкары улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Тажикстандын жогорку окуу жайларында окуган кыргыз студенттери тарабынан Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр окулду.

Пикир

Оставить комментарий